Бишкекте медиа сабаттуулук жана кастык тили менен күрөшүү боюнча талкуу болду

  • 2 года мурун

12-декабрда Бишкек шаарында медиа сабаттуулук жана кастык тили менен күрөшүү боюнча стратегиялык талкуу өттү. Ага маданият министрлиги, ЮНЕСКОнун Бишкектеги өкүлү, медиа тармагынын адистери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө калк арасындагы медиасабаттуулукту жогорулатуунун мааниси, кастык тили менен күрөшүү боюнча маселелер талкууланып, стратегиялар каралды.

Конференциянын алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев төмөнкүлөргө токтолду: «21-кылым жалпы адам баласы үчүн жаңы чакырыктарды алып келди. Технологиялардын өнүгүшү менен маалымат таратуу жана алуу тармагы түп тамыры менен өзгөрдү десек болот. Анткени мурда маалыматты бир гана гезит, телеканал, радио сыяктуу булактарда профессионалдар гана таратса, бүгүнкү күндө ар бир адамда ошондой мүмкүнчүлүк бар. Бул шартта медиасабаттуулук дагы өтө маанилүү нерсеге айланды. Себеби чындык менен жалганды, манипуляцияны айырмалай билүү үчүн бул болуп көрбөгөндөй маанилүү», — деп белгиледи ал.

Кыргызстандын медиа-коомчулугунун өкүлү Алмаз Исманов өз сөзүндө медиасабаттуулук учурдун талабы менен жаңы бир билим эмес, компетенттүүлүктүн белгиси экенин баса белгиледи.

Ошондой эле катышуучулар  өлкөдө кастык тилинин жайылышына тынчсыздануусун билдирип, аны менен күрөшүү жана медиа сабаттуулукту көтөрүү боюнча бир катар сунуштарын билдиришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты