Бишкекте “Манас” эпосунун күнү белгиленүүдө

  • 2 года мурун

Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрында “Манас” эпосунун күнүнө карата “Тарых жана адабият” кечеси өттү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ленин районундагы мектептердин 200 окуучусу бир учурда «Манас» эпосунан үзүндү айтышты.

Бул иш-чаранын катышуучуларын ата-энелер жана окуучулар колдоп турушту.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында ишке ашырылды.

Бул иш-чаранын максаты — жаш муундарды патриоттуулукка тарбиялоо болуп саналат.

Окуучуларды мугалимдер, ата-энелер жана балдар иштери боюнча инспекторлор коштоп жүрүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты