Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды
- 4 месяца мурун
Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын май айынан тартып Орусиянын Алтай аймагында Федералдык аткаруу жана жаза башкармалыгы Р. Т. Атуу жаранды Орусиянын Кылмыш-жаза Кодексинин 30-беренеси (кылмышка даярдануу жана кылмышка аракет кылуу), 159 –беренеси 2-бөлүгү ( төлөмдөрдү алуудагы алдамчылык) боюнча издөө жарыялаган.
Бишкек шаарынын аймагынан өңүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камералары анын издөөдө экенин аныктаган. 13-мартт милиция кызматкерлери Р.Т. аттуу жаранды кармап, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришти.
Муну бөлүшүү