Бишкекте мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйылкы жылдын февраль айынан тартып Орусиянын укук коргоо органдары Ф.Т. атуу жаранды Кылмыш-жаза Кодексинин 322 –беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү) боюнча издөө жарыялаган.

Бишкек шаарынын аймагынан өңүнөн таануу системасы менен коомдук жайларда орнотулган сырткы видео байкоо камералары анын издөөдө экенин аныктаган. 18-мартта милиция кызматкерлери Ф.Т. аттуу жаранды кармап, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришти.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты