Бишкекте майыптыгы бар балдардын ассистенттери автобуста акысыз жүрө алышат

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарында майыптыгы бар балдардын жеке ассистенттерине муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү укугу берилди. Тиешелүү чечим Бишкек шаардык кеңеши тарабынан үй-бүлөлөрдү колдоо жана шаар ичинде жүрүүгө ыңгайлуу шарт түзүү максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, Бишкекте туруктуу жашаган жана каттоосу бар 18 жашка чейинки майыптыгы бар балдардын ассистенттери акысыз жүрө алышат. Жеңилдетилген транспорттук картаны алуу үчүн райондук бөлүмдөргө кайрылуу керек. Бул кадам үй-бүлөлөрдүн каржылык жүгүн азайтып, балдардын билим, медицина жана башка кызматтарга жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты