Бишкекте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү талкууланды

  • 12 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде коомдук транспортто жана аялдамаларда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн жеткиликтүүлүк талкууланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Транспорт департаментинин директору Токонов Айдарбек Бишкек шаарындагы «КОС и КОГ» коомдук бирикмесинин алдындагы азиздер жаштар баштапкы уюмунун төрагасы менен жолугушту.

Жолугушууда көрүү боюнча майыптарга коомдук транспорттун каттамдары, аялдамага жакындаган каттамдын номери тууралуу, үн жана радио маалымдоону камсыздоо маселелери талкууланды.

Баарынан мурда, бул социумдагы көзү көрбөгөн жана көрүүсү начар адамдарды маалымдоо үчүн тактилдик-үн мнемосхемасынын болушуна, ошондой эле орнотулган үн маягы бар светодиоддук табло түрүндө маршруттук унаалардын кыймылынын графигине тиешелүү.

Директор белгилегендей, жаңы автобустар үн маалымдоочу жабдуулар менен жана полу төмөн, коляскалар кире турган аянтча (пандус), кармагычтар, майыптар коляскасын бекитүү системалары менен жабдылган, троллейбустарда жана кичи автобустарда бул маселе ачык бойдон калууда, бирок жетекчинин көзөмөлүндө.

Ошондой эле, Транспорт департаменти тарабынан коомдук транспорттун аялдамаларында аз мобилдүү калк үчүн жеткиликтүүлүк жана кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн иштер жүрүп жатат, бул үчүн аялдаманын айланасы күн сайын токтоп турган унаалардан бошотулат.

Автоунаа кирүүгө жол бербөө максатында, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бордюрларды, бийиктиктерди өзгөртүүнү жана башка тоскоолдуктарды жоюу боюнча кызматтар менен бирге маселе иштелип чыгууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты