Бишкекте «Өлбөс полк» жүрүшү өтүүдө
- 2 недели мурун
Бүгүн, 9-майда, саат 09:00дө Бишкекте салттуу «Өлбөс полк» акциясы башталды. Иш-чара Д.Асанова атындагы парктан башталып, катышуучулар Жукеев-Пудовкина жана Ибраимов көчөлөрү аркылуу Жеңиш аянтындагы Өчпөс от мемориалына чейин жөө жүрүш менен барышат.
Быйыл жүрүштүн маршруту жол оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу өзгөртүлгөн. Мэрия шаар тургундарын түшүнүү менен кабыл алууга чакырып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн белгиледи.
«Өлбөс полк» жүрүшү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерүү максатында уюштурулуп, катышуучулар өзүнүн туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп жүрүшөт.
Муну бөлүшүү