Бишкекте Кытай өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен каржылануучу долбоорлор талкууланды

  • 2 года мурун

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин соода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Ли Юе менен жолукту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытай өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен каржылануучу “Чүй каналын айланып өтүүчү (АЧК-2) курулушу”, “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү (3 фазасы)” жана «5 инженердик курулуштарды куруу (Түндүк-Түштүк альтернативдик жолу, I фаза)» долбоорлору боюнча маселелерди талкуулашты.

Ли Юе COVID-19 пандемиясынан улам көптөгөн долбоорлор кечеңдеп жатканын билдирди.

Мындан тышкары тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-кытай комиссиясынын пландалган 15-отурумун талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты