Бишкекте кышка даярдык боюнча коомдук транспорттордо рейд жүрүп жатат

  • 2 года мурун

Бишкекте кышка даярдык боюнча коомдук транспорттордо рейд жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров күз-кыш мезгилинин башталышына байланыштуу Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментине  борбор калаадагы коомдук транспортторду катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Транспорт департаменти тарабынан рейд жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында кичиавтобустук каттамдардын фирмаларынын айдоочуларына карата 14 мыйзам бузуу аныкталып, 7 акт, 3 протокол түзүлдү.

Белгилей кетсек, биринчи кезекте кичиавтобустук каттамдары текшерилди.

«Бул багыттагы иштер улантылууда. Рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп, ташуучу-фирмалардын абийирсиз жетекчилерине жана айдоочуларга тартиптик чаралар көрүлөт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты