Бишкекте кыргыз-жапон колледжин ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

  • 1 год мурун

Бишкекте кыргыз-жапон колледжин ачуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев кыргыз-жапон адамдык өнүгүү борборунун директору Ивай Ацуму, Жапониянын Copel корпорациясынын президенти, Фукуока университетинин профессору Нобуюки Оцубо, Copel методологиясынын авторлошу Кана Оцубо менен жолугушту.

Жолугушуунун катышуучулары билим берүү маселелерин, өнүгүү илиминин жаңы жетишкендиктерине негизделген тарбиялоо методикасын, кыргыз-жапон колледжин ачуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты