Бишкекте кыргыз жана чет элдик тасмалар акысыз көрсөтүлөт

  • 3 недели мурун

Бишкек шаарында 20-25-сентябрь күндөрү Alternativa Film Screenings аталышындагы акысыз тасма көрсөтүүлөрү өтөт. Бул көрсөтүүлөрдө 2023-жылкы Alternativa Film Awards сыйлыгынын номинанттарынан жана жеңүүчүлөрүнөн тандалган кыргыз жана чет элдик тасмалар коюлат.

Көрсөтүү Ч. Айтматов атындагы кино үйүндө өтүп, анда «Кыз ала качуу» (Кыргызстан), «Бооруна cалуу» (Казакстан), «Жекшемби» (Өзбекстан),
«Баласыз айыл» (Иран), «12 жума» (Филиппин), «Вахан туткуну»
(Кыргызстан), «Сotton 100%» (Өзбекстан), «Кийинкиси ким?» (Кыргызстан) кинотасмалары жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн катышкан кыска
метраждуу тасмалар коюлат.

Кинотасмалар көрсөтүлгөндөн кийин көрүүчүлөр андагы чагылдырылган коомдук мааниге ээ темаларды адистер менен талкуулашат. Талкууга Кыргызстандын маданиятын жана мурасын жайылтуу боюнча активист Эрик Абдыкалыков, ишкер, Ололо компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү жана бизнес дирижеру Данияр Аманалиев, мамлекеттик жана саясий ишмер Медер Алиев, журналист Назира Айтбекова, креативдүү ишкер Толкун Дайырбекова (“Карек” балдар киносу фонду), ишкер жана “Жаратман” подкастынын алып баруучусу Урмат Насыкулов, укук коргоочу Айбек Аскарбеков, экоактивист жана медиаменеджер Исмаил Карыпов жана башка адистер катары катышары айтылды.

Көрсөтүүлөргө кирүү үчүн долбоордун сайтына катталуу керек.
Кинотасмалардын кыскача сүрөттөлүшү, талкуулар жана көрсөтүүлөрдүн
жадыбалы долбоордун сайтында жарыяланган.

Сүрөт: alternativa.film, «Кыз ала качуу» тасмасынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты