Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу өттү

  • 1 год мурун

1-апрелден 7-апрелге чейин Бишкекте кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.  

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, топографиялык топтордун жолугушуусу 2023-жылга карата жолугушуулардын графигине жана дипломатиялык каналдар аркылуу жетишилген макулдашууга ылайык өттү.

Маалыматта жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүү абалында өткөнү айтылат.

Жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты