Бишкекте кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтордун кезектеги жыйыны өттү

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында 19-25-май күндөрү кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелер боюнча жумушчу топторунун жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, бул жолугушуунун алкагында тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгынын калган тилкелердеги өтүүсүн сыпаттоо боюнча сунуштар менен алмашышты.

Тараптар Тажикстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда калган аймактарды сыпаттоо боюнча ишти улантышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты