Бишкекте кыргыз-кытай басма кызматташтыгы боюнча сүйлөшүү өттү

Мамлекеттик китеп палатасында Кытайдын «Синьхуа» жана «Феникс-Чуиши» басмаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Анда китеп басып чыгаруу, китеп маданиятын өнүктүрүү жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Мамлекеттик китеп палатасынын директору Жылдыз Бакашова мекеменин ишмердүүлүгү, өлкөдөгү басма тармагынын абалы жана улуттук документтик мурасты санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Тараптар көркөм, илимий-популярдуу жана балдар адабияттарын өз ара которуп басып чыгаруу, биргелешкен басма долбоорлорун ишке ашыруу, китеп продукциялары менен алмашуу жана кесиптик иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жыйынтыгында кыргыз-кытай китеп тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө жана эки тараптуу кызматташууну улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты