Бишкекте кыргыз-корей бизнес-форуму өттү

  • 2 года мурун

Бишкекте Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосунда текстиль жана өнөр жай тармагындагы кызматташтыкты арттыруу максатында кыргыз-корей бизнес-форуму өттү. Бул тууралуу “Кыргызиндустрия” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Кореядагы элчилиги тарабынан уюштурулган.

Бизнес-форумга Кыргызстандын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ли Вонджэ, “Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов жана эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада “Кыргызиндустрия” ишканасынын президенти кыргыз тарап биргелешкен өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга, анын ичинде электромобилдерди жана электр менен иштеген жеңил коммерциялык жүк ташуучу автомобилдерди берүү жана куроо, жүндү жууп-тазалоо жана пахта жиптерди өндүрүү, текстилден жана трикотаждан буюмдарды жасоо процесстерине заманбап технологияларды киргизүү боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты