Бишкекте «Кыргыз Кербен» заводунан чыккан өрт толук өчүрүлдү
- 4 месяца мурун
Бишкек шаарынын Свердлов районундага Ак-Сай көчөсүндө жайгашкан «Кыргыз Кербен» заводунан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Өрт саат 22:42де чектөөгө алынып, 23:49да толук өчүрүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө 5 күжүрмөн эсеп, автошаты жана штаб тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрттөн жабыркагандар жок.
Муну бөлүшүү




