Бишкекте кыргыз-казак акындарынын айтышы өтөт
- 2 года мурун
30-31 августта Бишкек шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына арналган XV эл аралык кыргыз-казак төкмө акындарынын кош байге айтышы өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук “Манас” театры кабарлады.
“Айтыш-2022” сынагынын тандоо туру 22-августта “Манас” кинотеатрында саат 10:00дө башталат. Ал эми жарым финал жана финалдык бөлүк 30-31-августта саат 18:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.
Айтыштын байге фонду 3 миллион сом.
Муну бөлүшүү