Бишкекте Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсеси ачылды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 5-майда Бишкекте Кыргыз футбол союзунун жаңы административдик кеңсесинин ачылыш аземи өттү. Иш-чарага мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) президенти Джанни Инфантино катышты.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, төрт кабаттуу имарат ФИФАнын Форвард (FIFA Forward) программасынын долбоору боюнча курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылган.

Жаңы кеңсенин ачылышында сүйлөгөн сөзүндө Садыр Жапаров ФИФАнын кыргыз футболунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, спорттук инфраструктураны жакшыртууга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал ата мекендик футболду өнүктүрүү боюнча демилгелерге ынтызар экенин жана өлкөнүн ФИФАнын долбоорлоруна активдүү катышуусуна кызыкдар экенин белгиледи.

Ал кыргыз спортчуларынын акыркы мезгилдеги эл аралык мелдештерде жетишкен ийгиликтери элди бириктирип жана жаштарга күчтүү дем бергенин баса белгилеп, мындан улам кыргыз эли Азия кубогунда улуттук курамадан да ушундай эле жогорку жыйынтыкты күтөрүн кошумчалады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты