Бишкекте кылмыштуу топтун мүчөлөрү казак жаранын карактоого шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган үч адам Казакстандын жаранын карактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылы 10-декабрда Октябрь райондук милициясына Казакстандын жараны арыз менен кайрылып, 7-декабрда саат 15:00дөр чамасында белгисиз жарандар ага тапанча менен кол салып, жанындагы 40 миң долларын тоноп кеткенин айткан.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен каттоого алынган.

Анын алкагында, кылмышка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1993-жылы туулган И.И., 1991-жылы туулган Б.Б. жана 1996-жылы туулган Т.У.лар кармалып, 2 айга камакка алынды.

Шектүүлөрдүн биринин жашаган жерин тинтүү учурунда 5,5 миң доллар, «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча ок-дарылары менен табылып, экспертиза дайындалган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты