Бишкекте Креативдүү индустриялар паркы ачылды

  • 1 год мурун

29-июнда Бишкекте Креативдүү индустриялар паркынын расмий ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өкмөт башчысы Акылбек Жапаров катышты.

Жапаров аземде сүйлөгөн сөзүндө Креативдүү индустриялар паркын өнүктүрүүгө президенттин “Кыргыз Республикасынын креативдүү экономикасын өнүктүрүү жана прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы түрткү болгонун айтты.

Жапаровдун айтымында, аталган жарлыкты ишке ашыруунун алкагында Креативдүү экономиканы өнүктүрүү Концепциясы бекитилди, “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” Мыйзам кабыл алынды, Салык кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты