Бишкекте короолор менен көчөлөрдүн тазалыгы текшерилүүдө

  • 6 месяцев мурун

Бишкекте короолор менен көчөлөрдүн тазалыгы текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарында борбор калаанын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын кызматкерлери менчигинин түрүнө карабастан көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда жана көчөлөрүндө тазалыкты сактоо боюнча рейддерди улантууда.

Жыл башынан бери, тактап айтканда январь айында көрктөндүрүү жана тазалык эрежелерин бузгандарга «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесинин негизинде 84 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 702 миң сом айып пул салынган.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары аныкталган учурда муниципалдык инспекция тарабынан менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин беренелерине ылайык тиешелүү чаралар көрүлөт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты