Бишкекте коомдук транспортту аялдамаларда токтотуу эрежелеринин сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү
- 1 год мурун
Бишкекте коомдук транспортту аялдамаларда токтотуу эрежелеринин сакталышы боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Рейддин максаты — айдоочуларга маалымат берүү жана жүргүнчүлөрдү туура отургузуу жана түшүрүү боюнча эскертүүлөрдү берүү. Мындан сырткары аялдамадагы жүргүнчүлөргө да аялдамалардагы жүрүм-турум эрежелери түшүндүрүлдү. Бишкек ШИИББы боюнча МККБнын ТКБнүн кызматкерлери аялдамаларда токтоп турган унаалардын айдоочуларына токтоо эрежесин бузгандыктарын түшүндүрүштү. Аларга эскертүүлөр берилди. Биргелешкен иш-чаралар жол тыгындарын жана кырсыктарды алдын алууга багытталган. Рейд саат 8:00дөн 10:00гө чейин эки жумада бир жүргүзүлүп турат.
Муну бөлүшүү