Бишкекте коомдук транспорттордун катышуусунда жол кырсыгы катталды 

  • 6 месяцев мурун

Бишкектеги Москва жана Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишинде троллейбус жана автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Кырсык бүгүн, 24-январда болжол менен саат 10:30да болгон. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок. Бирок материалдык чыгым келтирилгени айтылууда.

Учурда троллейбус оңдоочу жайга, автобус айып короосуна токтотулду.

Кырсыктын чоо-жайы аныкталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты