Бишкекте коомдук транспорттор текшерүүгө алынууда

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти тарабынан коомдук транспорттордун каттамдарга чыгуу графигин так сактоо боюнча күн сайын рейддер өткөрүлүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы, «Бишкек троллейбус башкармалыгы» жана «Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы» муниципалдык ишканасы ошондой эле жеке жүргүнчүлөрдү ташуучу фирмалардын активдүү катышуусунда өткөрүлүүдө.

Патрулдук милиция башкармалыгынын катышуусунда өткөн бул демилге каттамдардын графигин так сактоону гана эмес, коомдук тартипти да камсыз кылууда.

Рейдде аялдамаларда туура токтоо, транспортту техникалык тейлөө, GPS-трекерлердин функционалдуулугу, санитардык нормалардын сакталышы жана накталай төлөмдөр үчүн талондорду берүүнүн тууралыгына басым жасалат.

Мыйзам бузуулар аныкталса, протоколдор түзүлүп, айдоочуларга катуу эскертүүлөр берилет.

Белгилей кетсек, күнүмдүк рейддер коомдук транспорттордогу тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Мындай иш-чараларды системалуу түрдө ишке ашыруу Бишкек шаарында тартипке салынган, коопсуз транспорт чөйрөсүн түзүү стратегиясынын негизги элементи болуп саналат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты