Бишкекте коомдук транспортто накталай эмес төлөмдөр азырынча киргизилбей турган болду

  • 2 года мурун

Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай чечим шаардыктардын кайрылууларынын негизинде кабыл алынды.

«Шаардыктардын көбү «Тулпар» карталарын сатып алууга үлгүрүшкөн эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаардык кеңешинин сайтына Коомдук транспортко дифференцияланган тарифти киргизүү жөнүндө токтом долбоору киргизилди. Анын негизинде муниципалитет жарандардын суроо-талаптарын эске алуу менен электрондук төлөм системасын жакшыланган вариантта ишке киргизе алары белгиленген.

Буга чейин мэрия Бишкекте 1-июлдан баштап автобус менен троллейбустарда жол акыны накталай акча менен төлөөгө болбой тургандыгын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты