Бишкекте коомдук транспортто көзөмөл күчөтүлдү

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте коомдук транспортто көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Тулпар” системасынын адистери жеңилдетилген карталарды колдонууга активдүү көзөмөл жүргүзүүдө.

«Тулпар» көзөмөл кызматы 10 күндүн ичинде борбор калаадагы 2 миңден ашык автобус жана троллейбустарды ийгиликтүү текшерүүдөн өткөрдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 12 жеке менчик жана мектеп картасын мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык, контролерлор картанын туура эмес пайдаланылганы аныкталса, аны алып коюуга мыйзамдуу укугу бар. Ошондой эле, мындай карталар дароо блоктолот.

Бишкектин мэриясы жүргүнчүлөргө транспортко кирүүдө жол кире акысын төлөп, контролерлор менен түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн валидатордогу жашыл белгини күтүү зарылдыгын эскертет.

Киргизилген жаңы тарифке ылайык, автобус жана троллейбустарда жол кире баасы накталай эмес төлөмдөр үчүн 17 сом, накталай төлөмдөр үчүн 20 сом. Накталай акча менен төлөөдө айдоочудан талон берүү талап кылынат, ал жолдун аягына чейин сакталууга тийиш.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты