Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулукка шектелгендер кармалды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери коомдук транспортто бир катар чөнтөк уурулук фактысына шектелгендерди кармашты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБге М.К. аттуу жаран, аталган күнү саат 20:40 чамасында Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичи автобустардын биринин салонунан 15 миң сомду түзгөн “Redmi9” маркасындагы уюлдук телефонун чөнтөгүнөн жашыруун уурдап кетишкен белгисиз адамдарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Бишкек ШИИББнын ыкчам кызматкерлери тарабынан изи суй электе ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн мурда бир нече жолу соттолгон 1997-жылы туулган Д.Д., 2001-жылы туулган Н.А жана 2000-жылы туулган К.Б аттуу жарандар аныкталып, кармалган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилишти. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту шектүүлөргө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефон табылып, алынган.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты