Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулук боюнча шектүү жаран кармалды

  • 1 месяц мурун

Бишкекте коомдук транспортто чөнтөк уурулук боюнча шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Б.Ч, аттуу жаран көрсөтүлгөн күнү Советский жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук транспортто жүрүп, чапанынын чөнтөгүнөн 62 миң сомдук «IphoneXR» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жашыруун түрдө уурдап, андан соң алар белгисиз тарапка качып кеткен белгисиз жарандарга карата чара көрүү арызы менен кайрылган.

Аталган факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (уурдоо) ылайык кылмыш иши козголду.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө мурда ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 2001-жылы туулган О.Б. аттуу жарандын өздүгү такталып, кармалган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда алардын ушул сыяктуу башка кылмыштарды жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты