Бишкекте коомдук транспорт күн сайын текшерилүүдө

  • 5 месяцев мурун

Бишкекте коомдук транспорт күн сайын текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти коомдук транспорттун иштөөсүн көзөмөлдөө максатында күн сайын рейддерди өткөрүп келет.

Рейддик иш-чараларга «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы», «Бишкек троллейбус башкармалыгы» жана Жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгы муниципалдык ишканалары катышууда.

Коомдук тартипти камсыздоого милициянын патрулдук кызматы да тартылган.

Белгилей кетсек, аялдамаларда туура токтоо, унаалардын техникалык абалы, GPS-трекерлердин иштеши, санитардык нормалардын сакталышына жана накталай акча менен төлөөнүн тартибине өзгөчө көңүл бурулат. Мыйзам бузуулар аныкталган учурда протоколдор түзүлүп, айдоочуга эскертүүлөр берилет.

Күн сайын өткөрүлүүчү рейддер коомдук транспорттордогу тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты