Бишкекте коомдук тартипти бузган үч чет өлкөлүк жаран кармалып, жоопкерчиликке тарылды

22-июль күнү Бишкек шаарында коомдук тартипти бузган үч чет өлкөлүк жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июлга караган түнү социалдык тармактарда бир нече эркектин көчөдө тартип бузуп жаткан видеосу тараган. Аталган факт Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтык электрондук журналына катталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алар 1996, 1984 жана 1988-жылы туулган чет өлкөлүк жарандар экени белгилүү болду.

Алдын ала маалыматтарга караганда, алар Логвиненко көчөсүндө жүрүшкөн. Алардын бири көп кабаттуу үйдүн короосунда коомдук жайда заара ушатып жаткан, калган экөө спирт ичимдиктерин ичкен абалда болушкан. Ошондой эле алардын бири коомдук жайда чылым чеккени видеодо катталган.

Аталган жарандарга карата Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “майда бейбаштык” жана “белгиленбеген жайларда чылым чегүү” беренелери боюнча протоколдор түзүлдү. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Материалдар тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлүп, андан соң чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу маселеси каралары маалымдалды. Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарды Кыргызстандын мыйзамдарын жана коомдук тартибин сактоого чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты