Бишкекте коомдук фонддун өкүлү баңгизат таратууга шектелип кармалды

  • 5 дней мурун

Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер башкармалыгынын баңгизат сатуу фактысы катталып, кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги сайтында маалымат берилди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран узак убакыт бою баңгизаттарды таратуу менен алектенип келгенин жана Жалал-Абаддын Токтогул районунан Чүй облусуна баңгизаттарды ташып келүүнү жөнгө салганын аныкташкан.

ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1990-жылы туулган А.Д. аттуу жаран кармалды. Ал коомдук фонддун Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча кураторунун орун басары болуп иштеген.  Анын чөнтөгүнөн өзгөчө жыты бар зат болгон эки ширеңке кутусу табылып, алынган. Соттук-химиялык экспертизасынын корутундусуна ылайык алынган заттар кара куурай чайыры (гашиш) болуп экендиги аныкталып, салмагы 23,81 граммды түзгөн.

Кармалган А.Д. аттуу жаран убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылып жатканы айтылды.

Сүрөт: mvd.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты