Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «ОЙМО-2026» фестивалы өтүп жатат 

  • 2 недели мурун

2026-жылдын 27-майында Бишкек шаарында салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча ХХ юбилейлик эл аралык «ОЙМО 2026» фестивалынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Фестивалга Кыргызстандын бардык аймактарынан, Борбор Азия өлкөлөрүнөн жана дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринен келген 150дөн ашуун уста, дизайнер, сүрөтчү жана креативдүү индустрия өкүлдөрү катышты.

Иш-чараны КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы ачып, ал Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиевдин атынан фестивалдын бардык катышуучуларына жана уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, анын атынан 100 000 сом өлчөмүндөгү сертификатты тапшырды.

Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «ОЙМО-2026» фестивалы өтүп жатат 

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев министр Мирбек Мамбеталиевдин атынан куттуктоо сөзүн окуп, өз сөзүндө кол өнөрчүлүк бул жөн гана буюм жасоо эмес, бул биздин тарыхыбыз, философиябыз, ички дүйнөбүздүн үнү жана ата-бабаларыбыздан бизге калтырылган улуу мурас экенин белгиледи.

«Бул фестивалдын артында Кыргызстандын маданиятына өмүрүн арнаган инсандардын эмгеги турат. Биз бүгүн фестивалдын негиздөөчүсү, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар боюнча эксперти Динара Чочунбаеваны ыраазычылык менен эскеребиз. Бул 5 күндүн ичинде сиздер мастер-класстарга катышып, жарманкеде чеберлер менен жолугуп, мода менен кол өнөрчүлүктүн айкалышынан жаралган уникалдуу дүйнөнү ачасыздар», — деп ал шаар тургундарын фестивалга чакырды.

ХХ МФ «ОЙМО 2026» фестивалынын башкы демөөрчүсү «Артбласт Групп» компаниясынын жетекчиси Айгерим Омокоева мындай иш-чаралар адамдарды бириктирүүдө, маданий баалуулуктарды сактоодо жана муундар ортосундагы байланышты түзүүдө маанилүү ролду ойной турганын белгилеп, «Оймо» фестивалын жөн гана маданий иш-чара эмес, мурастар өнүгүп, жаңыча үн таба турган жандуу мейкиндик деп атады.

«Бүгүн маданиятты сактоо гана эмес, аны өнүктүрүү, заманбап мазмун менен толуктап, дүйнөгө ачуу өзгөчө маанилүү. Мен үчүн жана АРТБЛАСТ ГРУПП жамааты үчүн мындай демилгелерди колдоо маанилүү. Биз өлкөнүн өнүгүшү экономика жана ири долбоорлор менен гана чектелбестен, маданият, спорт жана билим берүү тармактарына кошулган салым менен да өлчөнөт деп эсептейбиз. Дал ушундай долбоорлор күчтүү коомду түзөт, улуттук өзгөчөлүктү сактайт жана келечек муундар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратат», — деп белгиледи Айгерим Омокоева.

Өз сөзүндө мааракелик ХХ «ОЙМО 2026» эл аралык фестивалынын расмий өнөктөшү – Кыргызстандагы биринчи девелопер ARTWIN компаниясынын башкы директору Аскар Асанов маданий демилгелерди колдоонун маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Ал мындай демилгелер коомдун чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө жана улуттук мурастарды сактоого багытталганын айтты. Өзгөчө ал балдарга жана жаш муунга чыгармачылык аркылуу инвестиция салуу канчалык маанилүү экенин белгилеп, бул улуттук салттар менен байланыш түзүп, келечектин баалуулуктарын калыптандырарын белгиледи.

Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «ОЙМО-2026» фестивалы өтүп жатат 

«Биз заманбап үйлөрдү куруп эле тим болбостон, салттарыбызды келечек муунга сактап калууга умтулабыз. Долбоорлордун алкагында улуттук оюндар үчүн балдар аянтчаларын түзүп жатабыз, анткени келечек муунга кам көрүүнү өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз. Биз үчүн “ОЙМО 2026” фестивалынын алкагында “Балдардын көзү менен келечек шаары” арт-зонасын колдоо өзгөчө мааниге ээ. Анткени балдар – биздин келечегибиз», – деди Аскар Асанов.

ХХ МФ «ОЙМО 2026» фестивалынын башкы директору Алтынай Осмоева үчүн бул 20 жыл анын жеке тарыхынын бир бөлүгү болуп калганын белгиледи. Алтынайдын апасы — «ОЙМО» фестивалынын негиздөөчүсү Динара Чочунбаева — өз өмүрүнүн ондогон жылдарын кол өнөрчүлүк кыймылын өнүктүрүүгө жана кыргыз салттарын ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизүүгө арнаган. Ал бардык жоготууларга карабастан, фестиваль негиздөөчүнүн мурасын улантып, жаңы өнүгүү этабына чыкканын белгиледи.

Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн «ОЙМО-2026» фестивалы өтүп жатат 

«Биринчи жолу фестиваль 2006-жылы башталган жана ушул жылдар аралыгында “Оймо” адамдарды бириктирген, улуттук кол өнөрчүлүктү, маданиятты жана чыгармачылыкты өнүктүргөн, кыргыз кол өнөрчүлүк өнөрүн дүйнөгө тааныткан ири чыгармачыл мейкиндикке айланды. Менин жашоомдун жарымы “Оймо” менен өткөнүн жана кол өнөрчүлүккө болгон сүйүү мага апам — Динара Илимбековна Чочунбаева тарабынан берилгенин белгилеп кетким келет. Анын эскерүүсү жана мурасы искусствону жана маданий мурасты баалаган ар бир адамдын жүрөгүндө түбөлүк каларына ишенем», — деди Алтынай Осмоева.

Фестивалдын алкагында 2026-жылдын 30-майында негиздөөчү Динара Чочунбаеванын дүйнөдөн кайткандыгынын бир жылдыгына карата «Эсимде» эскерүү кечеси саат 17:00дө OloloPlanet те өтөт. Фестиваль 31-майдын аягына чейин уланат. Бул күнү эл аралык кол өнөрчүлөр конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи жана мода көрсөтүүсү өтөт. Коноктор эл аралык кол өнөрчүлүк жарманкесине, мода көрсөтүүлөргө, кино көрсөтүүлөргө жана «Салттуу маданият жана мода» аттуу public talk иш-чарасына катыша алышат. 

Фестивалдын программасында шырдак, ала-кийиз, кийиз, керамика, сайма жана токуучулук боюнча мастер-класстар бар. Ар бир каалоочу этно-комплекс «Супара» менен биргеликте боорсок, мыкчым талкан жана эт йогурт жасоону да үйрөнө алат. Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун ХХ МФ «ОЙМО 2026» фестивалына чакырабыз! Фестивалдын бардык иш-чараларына кирүү акысыз!

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты