Бишкекте келерки жумадан тартып жылуулук берүү токтотулат
- 2 года мурун
Бишкек шаардык мэриясы 4-апрелден тартып жылуулук берүү токтотуларын кабарлады.
Мэриядан билдиришкендей, жылуулук абанын суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болгондо өчүрүлөт.
ӨКМдин гидрометеорологиялык башкармалыгынын маалыматына ылайык, 31-марттан тарта абанын температурасы жогорулайт. Катуу суук болбойт.
Муну бөлүшүү