Бишкекте карызы төлөнбөгөн төрт миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт

  • 2 года мурун

Чүй электр тармактар ишканасы эртең, 29-ноябрда Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 4 миң 300 абоненттин жарыгы дистанциондук түрдө өчүрүлөрүн эскертти.

Ишкана ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.

Белгиленгендей, Чүй электр тармактар ишканасынын сайтында “Абоненттин балансы” рубрикасы иштеп келет. Анын жардамы менен бардык абоненттер өздүк эсебин каалаган учуруда биле алат.

Мындан сырткары абоненттер өз эсебин 1209, 0772/0702/0556 00 12 09 номурундагы күнү-түнү иштеген чалуу борборуна чалып, же 0556 001209 номурундагы WhatsApp тиркемесине жазып биле алышат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты