Бишкекте кароосуз калган унаалар алынат

  • 11 месяцев мурун

Бишкекте кароосуз калган унаалар алынат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Акыркы убакта шаар тургундарынан жолдо, короо-сарайларда, унаа токтотуучу жайларда, өзгөчө техникалык тейлөө станцияларынын жанында кароосуз калган унаалар боюнча кайрылуулар көбөйдү. Биринчи май районунда №15 МАБнын кызматкерлери Волков көчөсүндө П.Лумумба көчөсүнөн Садыгалиев көчөсүнө чейинки бөлүктө кароосуз калган, туура эмес жерде токтогон унаалардын ээлерине жана техникалык тейлөө станцияларынын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, 13 унаанын ээсине билдирүү таратылып, унааларга эскертүүлөр чапталган. Кошумчалай кетсек, бул көчөнүн боюнда тейлөө станциялары көп жайгашкан. Ошентип, билдирүүнү алгандан кийин ыйгарым укуктуу орган беш күндүк мөөнөттө транспорттук каражатты эвакуациялоону жүзөгө ашырат, ал эми эвакуатордун жана унаа токтотуучу жайлардын чыгымдарын кыймылдуу мүлктүн ээлери көтөрөт», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты