Бишкекте кароосуз калган имараттан өрт чыкты

  • 1 год мурун

Бишкекте кароосуз калган имараттан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн Байтик-Баатыр менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине өрттү өчүрүүгө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм тартылган. Өрт саат 07:38де чектөөгө алынып, толук саат 08:27де өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен кароосуз калган 50 чарчы метр кафе толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты