Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды

  • 2 года мурун

Бишкекте каракчылыкка шектелген эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши катталган. Жаран 1992-жылы туулган Д.М. 18-январь күнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринде эс алуу учурунда “Максат” аттуу чала тааныш адам жана белгисиз үч адам менен белгисиз үлгүдөгү тапанча жана бычак менен коркутуп, “Редми-9” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, акча каражаттарын тартып алышканын билдирген арыз жазган. ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнүн натыйжасында, бул кылмыш ишке шектүү катары Ысык-Көл облусунда жашаган 1989-жылы туулган К.М. кармашкан. Ал УКТнын активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана мурда каракчылык, тоноо, опузалап талап кылуу жана башка бир нече кылмышты жасоого шектелип соттолгон. Аны менен бирге Орусиянын аймагында каракчылык үчүн бир нече жолу соттолгон 1990-жылы туулган Т.М. кармалган. Кармалган жарандар Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча мындан аркы атайын тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты