Бишкекте Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу башталды

  • 4 месяца мурун

Бишкек шаарында Кара-Дарыя көчөсүнүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл Бишкек шаарында И. Ахунбаев көчөсү менен Жибек-Жолу проспектисин бириктирген жаңы үч жол пайда болот. Алардын бири Кара-Дарыя жана А.Сүйүмбаев көчөлөрүн темир жол аркылуу байланыштыруу долбоору.

8-апрелде аталган жолдун курулушу башталды.

Жол Аламүдүн дарыясынынын жээги менен салынат. Учурда көпүрө салынып жаткан Шүкүров көчөсү менен Медеров көчөсү аркылуу төмөндү көздөй уланып, Л. Толстой көчөсүнө түшөт. А. Сүйүмбаев көчөсү менен ортодогу темир жолдон бириктирилет.

Жолдун узундугу 1,4 чакырымды, туурасы 9 метрди түзөт. Эки тарабында ирригация тутуму жана жөө адамдар үчүн тилке каралган.

Жаңы жол тилкеси быйыл пайдаланууга берилет. 7-апрель жана Ж. Абдрахманов көчөлөрүнө параллель альтернатива пайда болот.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты