Бишкекте кар тазалоого 1000ден ашуун кызматкер тартылды
- 5 месяцев мурун
Бишкек шаарында жааган карга байланыштуу көчөлөрдү тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы 2026-жылдын 10-мартына караган түнү борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин баштаган. Учурда шаар көчөлөрүндө атайын техникалар иштеп жатат. Анын ичинде 32 МАЗ жана 10 Shacman кум-туз чачуучу унаалары, 32 «Беларусь» трактору, 5 универсалдуу коммуналдык машина, ошондой эле бирден фронталдык жүктөгүч жана экскаватор тартылган.
Мындан тышкары, иштерге 20 жол жумушчусу жана 1000ден ашуун санитардык тазалоо кызматкерлери катышууда. Жолдордо муз катмары пайда болбошу үчүн азыркыга чейин 581 тонна техникалык туз колдонулган. Муниципалдык кызматтар шаар көчөлөрүн тазалоо жана жолдорго туз себүү иштерин улантып жатканын билдиришти.




