Бишкекте кар тазалоо иштери жүрүүдө

  • 5 месяцев мурун

Кардын көп жаагынына байланыштуу Бишкек шаарында кар тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. Шаар мэри Айбек Джунушалиев көчөлөрдү кыдырып, абал менен таанышып, тиешелүү кызматтарга иштерди ыкчам жана сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.

Шаарды кардан тазалоо жана тайгакка каршы материалдарды себүү үчүн 51 даана МАЗ, күрөгү бар 4 HOWO, 3 фронталдык жүктөгүч, 34 «Беларус» трактору, 5 Bobcat, 5 УКМ жана 3 чаңгычтуу  жүктөгүч тартылган.

Көчөлөрдү тазалоо иштери аба ырайына жараша улантылат. Ошондой эле, мэрия шаар тургундары жолдордо этият болууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты