Бишкекте кампалардын биринен өрт чыкты
- 1 год мурун
Бүгүн, 31-декабрда, Бишкектеги Хивин көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты.Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, куткаруу кызматынан 5 куткаруучу, кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу дрон менен тартылган.
Маалыматта тилсиз жоо саат 09:36да чектөөгө алынганы айтылды. Жабыркагандар жок. Учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө.
Баштапкы маалымат боюнча, аталган кампада үйдүн эшиктери сакталган.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү