Бишкекте кампадан ири өрт чыккан

  • 2 года мурун

Бишкектеги кампадан ири өрт чыкканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, бүгүн, 19-ноябрга караган түнү Бишкектин Октябрь районунун Матросов көчөсүндө жайгашкан кампадан ири өрт чыккан. 

Өрттү өчүрүүгө жалпысынан Октябрь, Свердлов, Биринчи Май райондук өрткө каршы бөлүмдөрүнүн 5 бөлүмдөрү, ошондой эле Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам-куткаруу тобу жана 1 тез жардам кызматы тартылган. Алдын ала маалымат боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар катталган жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты