Бишкекте кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Бишкекте кампадан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Аламүдүн районуна караштуу Пригородный айылынын Садовая көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпысынан 7 бөлүм тартылган.Кампадан чыккан өрт эртең мененки саат 8:08де чектөөгө алынган. Бул кампада күнүмдүк колдонулуучу антисептик, косметика жана дары-дармек каражаттары сакталган. Ошол эле катарда тамак-аш азыктары жана кир жуучу каражаттар сакталган кампаны өрт өчүрүүчү-куткаруучулар өз убагында өрттөн сактап калышты. Өрт чыккан кампанын аянты болжол менен 1500 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоо саат 14:04тө толук өчүрүлдү. Кырсыктын кесепетинен жабыркагандар жана каза болгондор жок.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты