Бишкекте «Кайырчы» рейдинде кароосуз калган 47 бала аныкталды

  • 2 года мурун

Бишкекте «Кайырчы» аталышындагы профилактикалык иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара бир гана тилемчилик кылгандарды эмес, туруктуу жашаган жери жок адамдарды, ошондой эле, үйдөн чыгып кеткен өспүрүмдөрдү аныктоо максатында күндүз жана түнкү убактарда өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында, туруктуу жашаган жери жок жана кайырчылык менен алектенген 48 адам аныкталган. Чоңдордун коштоосу жок жүргөн 47 бала РИИБге жеткирилди. Анын ичинен 6 бала социалдык жайларга, 17 бала жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилип, 24 бала ата-энесине берилген.

Ошондой эле, туруктуу жашаган жери жана өздүгүн тастыктаган документтери жок адамдар сүрөткө тартылып, манжаларынын изи алынып, каттоого алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты