Бишкекте “Кайра жандандыруу — 2022” антикризистик форуму ачылды

  • 2 года мурун

Бишкекте “Кайра жандандыруу — 2022” антикризистик форуму ачылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форумда Орусияга киргизилген санкциялардын Кыргызстандын каржы жана реалдуу секторуна тийгизген таасири, жаңы перспективалар жана рыноктор, ошондой эле республиканын агро өнөр жай тармагындагы кырдаал талкууланды.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев учурда кризистик кырдаалдан чыгууга багытталган иш-чаралар жүрүп жатканын билдирди:

«Министрлер кабинетинин акыркы жыйынында айрым тармактар үчүн сырьену импорттоого салык жүгүн жеңилдеткен бир катар ченемдик укуктук актылар кабыл алынды. Айрым товарларга КНС алынып салынды. Бул учурда болуп жаткан баанын өсүшүн минималдаштырууга тийиш».

Мындан тышкары ал социалдык маанидеги азык-түлүктөрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча макулдашууларга жетишилгенин, андыктан калктын дүрбөлөңгө түшүүсүнө себеп жок экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты