Бишкекте кайгуул кызматкеринин айдоочуга тапанча такаганы боюнча иликтөө башталды (видео)

  • 2 года мурун

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мотоциклдин айдоочусуна тапанча такаган окуя боюнча кызматтык иликтөө башталды. Бул тууралуу Кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кайгуулчулар борбор калаадагы Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган мотоциклдин айдоочусун токтотушкан учурда айдоочу баш ийбей качкан. Кийин ал 12-кичирайонунан кармалып, наркология борборунда текшерүүдөн өткөндө мас абалында экендиги аныкталган.

Айдоочуга карата жол эрежелерин бузгандыгы үчүн беш протокол түзүлгөн.

Ал эми айдоочуну кармоо учурунда кызматкердин ок атуучу куралды алып чыкканы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты