Бишкекте кафелердин биринен өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бишкекте кафелердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бишкек шаарынын Октябрь районуна караштуу С. Каралаев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Galaxy кафесинен чыккан өрт саат 13:02де толук өчүрүлдү. Өрттүн болжолдуу жалпы аянты 400чарчы метрди түзөт. Бактыга жараша жабыркагандар жок. Өрт саат 11:47де чектөөгө алынган. Мындан тышкары ИИМден 5 экипаж жана РЭТтен 1 бригада, Тез жардам кызматы тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты