Бишкекте күркөдөн чыккан өрт өчүрүлдү

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте күркөдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрт өчүрүүчүлөр 4 күркөнү жана турак жай катары колдонулган 1 вагонду өрттөн сактап калышты. Бишкектин Свердлов районунун «ДОсОО-Форт» базарынын маңдайында муниципалдык аймакта жайгашкан май токоч сатуучу күркөдөн чыккан өрт саат 14:48де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө саат 13:09дан тарта 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 13:45те чектөөгө алынган. Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Өрттүн жалпы аянты 70 чарчы метрди түзүп, жылыткыч, 2 муздаткыч, төшөнчүлөр күйгөн. Ошондой эле 2 газ баллон жарылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты