Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Москва көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 14:15тө өрт чектөөгө алынып, саат 14:46да толук өчүрүлдү. Өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 26 жаштагы аял 3 айлык наристеси менен жана 74 жаштагы аял киши куткарылды. Ошондой эле 40 жаран эвакуацияланды. Жалпы 5 кабаттуу турак үйдүн 3-кабатында жайгашкан батирдин 20 чарчы метр бөлмөсү күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби жана толук материалдык чыгым такатлууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты