Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты

  • 9 месяцев мурун

Бишкекте көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батирден өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө саат 11:59да Октябрь райондук №7 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 12:05те Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1, саат 12:01де Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты жана штаб тартылган. Тилсиз жоо саат 12:37де чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.

Өрт өчүрүүчүлөр өрт чыккан батирдин ичинен 2 жаш баланы аман-эсен куткарып чыгып ошондой эле башка батирлерден жалпы 8 адам эвакуацияланган. Кошумча маалымат берилет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты